Кубаттан Машык Жетиш

дүйнө жүзүндө мусулман кыз-келиндерди шыктандырабыз

Мусулман аялдар үчүн дүйнөдөгү биринчи долбоор!

Дүйнөдө миллиондогон мусулман аялдар спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ислам баалуулуктарына ылайык, аялдар эркектерден өзүнчө залда машыгуусу керек. Дүйнөдө аялдардын машыгуу залдары жетишпейт. Биз дүйнө жүзүндөгү ар бир мусулман аялга каалаган жерде, мейли өз үйүндө болсун келбеттүү бойдон калуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү каалайбыз!

Программалар кесипкөй аялдардын фитнес инструкторлору – фитнес боюнча улуттук жана эл аралык мелдештердин байге ээлери тарабынан иштелип чыккан.

Бардык видео нускамалар Халал стандартка ылайык аткарылган.

Машыгуулардын аталышы опурталдуу учурда өз элин күчтүү перс империясынын кол салуусунан коргогон Томирис каныша, Мухаммед пайгамбардын аялы – Айша, Египет башкаруучусу – Сайиде Нависе, Муххамед пайгамбардын шериги, биринчи халиф Абу Бакра ас-Сиддиктин кызы - Асме бинт Абу́ Бакр аль-Кураши жана башкалар сыяктуу көрүнүктүү мусулман аялдарга арналган.

Биздин миссия

Биз дүйнө жүзүндөгү мусулман аялдарды күчтүү, дени сак жана мыкты болууга шыктандырабыз!

FitJab командасы!